Чаткалда куткаруучулар 36 жаранды коопсуз аймакка чыгарышты

Коом 5 июль 2026 17:20
56eb91be-1f1a-4e0f-8677-bea5d4aa3629_DA7389FA-B044-4E54-8C3F-61ABC112EA38.jpeg
e424c819-f7cd-4a8a-b743-a24a67693a85_8B824654-1758-4DFC-8917-E881EFE56E02.jpeg
Алдыга
Артка
56eb91be-1f1a-4e0f-8677-bea5d4aa3629_DA7389FA-B044-4E54-8C3F-61ABC112EA38.jpeg
e424c819-f7cd-4a8a-b743-a24a67693a85_8B824654-1758-4DFC-8917-E881EFE56E02.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 05.07.26. /Кабар/. 3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен тартылган.

Жүргүзүлгөн куткаруу иштеринин жүрүшүндө асма көпүрө аркылуу жалпы 36 жаран коопсуз аймакка чыгарылды.

Алардын ичинен жетөө Россиянын, бирөө Казакстандын жана 28и кыргызстандыктар болгон

Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.

ӨКМ жарандарга жана туристтерге тоолуу аймактарда жана дарыяларга жакын жерлерде өзгөчө этият болуп, коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертет.