Чаткалда ипотекалык үйлөр курулат: Президент акимге эскертүү берди

Аймак
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Президент, Садыр Жапаров Чаткал районунун эли менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургун тарабынан райондо ипотекалык үйлөрдүн курулушу качан башталаары тууралуу маселе көтөрүлдү.

Жергиликтүү тургун азыркы учурда жерлер бөлүнбөй жатканын айтып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлөрдү куруу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле Чаткал району бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик ипотекалык компанияга бир гектар да жер бербегени айтылды.

Президент акимге кайрылып, эмне себептен жер берилбегенине кызыгып, райондо бош жерлер жокпу деп сурады.

Өз кезегинде мурдагы аэропорттун 7 гектар жери бош турганы, буга чейин Терек-Сай айылында куруу маселеси каралганы менен, муктаждыктар аз экендиги айтылды. Бирок, учурда муктаждыктар бар экендиги такталды.

Жолугушууда үйлөр салынып калса, канча кабаттуу кылып салууга болору жана ала тургандар барбы деген суроо коюлуп, залдын жарымы үй алабыз деп кол көтөрүштү. Бүгүнкү күндө расмий түрдө 90дон ашык жаран катталып турганы маалым болду.

Президент жер катмарын изилдеп көрүп, балким 5, 6 же 7 кабатка чейин курганга болорун, максималдуу түрдө бийик үй куруу зарылдыгын белгиледи.

Аэропорттун жерин тактап, эгер кереги жок болсо, МИКке берүү маселеси чечилмекчи болду. Мындан тышкары, Жаңы-Базар айылында дагы 10 гектар жер бар экени айтылды. Райондун борборунда дагы 5 гектар жер табыла турганы, муктаждардын баарын жаба ала турганы белгиленди.

Президент акимге кайрылып, бош жерлерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга эмне үчүн өткөрүп бербей жатканын сынга алды.

”Бош жерлерди МИКке өткөргүлө деп 5 жылдан бери какшап келе жатам. Силер өткөрбөсөңөр МИК кайдан билет”,– деди.

Мамлекет башчысы жерди токтоосуз түрдө өткөрүп берүүнү жана келе жаткан жылы курулушту баштоону катуу тапшырды.