Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Чаткалда ангус породосундагы уйларды көбөйтүү жана өнүктүрүү иштери жүрүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Чаткал районунда 2024-жылы министрлик тарабынан кабыл алынган “КАПК” долбоору алкагында жеке ишкер Элдик банк аркылуу 6% пайыздык насыя алып, Абердин ангус уйларын сатып алып багып баштаган.
Алынган уйлар негизинен эт багытында болуп, тез жетилип, жакшы семирүү өзгөчөлүгүнө ээ. Шотландиядан өндүрүлгөн бул уйлар эт сапаты жагынан өзгөчө айырмаланып, башка уйларга салыштырмалуу жогорку көрсөткүчкө ээ. Уйлар күнүнө орточо 1 кг 800 граммга чейин салмак кошот. Чоң уйлардан 300-350 кг чейин эт алынат.
2024-жылдын быйылкы жылы 15 баш Абердин ангус уйлары Ысык-Көл облусунан алынып келинген. Бул малдар жергиликтүү фермерлердин чарбасына кошумча өндүрүштүк мүмкүнчүлүк түзүп, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.
Фермер белгилегендей, министрликтин колдоосу ар тараптан көрсөтүлүүдө. Ал асыл тукум уйларды эт жана сүт багытында көбөйтүп, келечекте ири ферма ачууну максат кылууда.
Белгилей кетсек, учурда айыл чарба министрлигинин колдоосу менен берилген кредитти пайдалануу аркылуу Абердин ангус уйларын санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө.