Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында алтын өндүрүү менен алектенген ишкерлердин жер жана суу ресурстарын пайдалануудагы мыйзам талаптарын сактоосуна мониторинг жүргүзүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнү Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусундагы аймактык башкармалыгы жүргүздү.
Мониторингдин жүрүшүндө жер тилкелерин пайдалануу, суу ресурстарын колдонуу жана өндүрүштүн айлана-чөйрөгө терс таасирин алдын алуу боюнча талаптардын аткарылышына көңүл бурулду.
Ошондой эле ишкерлерге өндүрүш иштерин тиешелүү уруксат берүүчү документтердин негизинде жүргүзүү, жер жана суу мыйзамдарын так сактоо жана жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.