Чаткалда алтын өндүрүүчү ишкананын курулушу башталды

Аймак 15 октябрь 2026 16:50
848525798_2218648159002436_4477060196117805496_n.jpg
847007797_2218648019002450_2848480511540654413_n.jpg
844977936_2218644159002836_4064048392659828017_n.jpg
845359646_2218644565669462_8571422089459797977_n.jpg
847228139_2218648012335784_5249192777529299554_n.jpg
847709259_2218648189002433_1008820752521809604_n.jpg
847747689_2218648195669099_7027596645659043248_n.jpg
847747717_2218648072335778_6191135235111690518_n.jpg
848111590_2218648122335773_2378501199385259073_n.jpg
848413060_2218642195669699_605438676675863118_n.jpg
848789114_2218648132335772_1884643112463053700_n.jpg
849560044_2218644392336146_6047474129324528873_n.jpg
849809171_2218648062335779_5356725040304178852_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Чаткал районундагы "Чаарат ЗААВ" компаниясынын өндүрүштүк ишканасынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, компания 2021-жылдан бери райондо геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, Түлкүбаш жана Кызылташ алтын долбоорлорун өнүктүрүүдө. Долбоорлорго жалпысынан 556 млн доллар инвестиция тартуу каралган.

Учурда ишканада 129 адам эмгектенет. Долбоор толук ишке ашса, 600гө жакын жумуш орду түзүлөт.

Тилек Текебаев жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздоого, жаштарды кесипке үйрөтүүгө жана экологиялык, өндүрүштүк коопсуздук талаптарын сактоого көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле компания менен жергиликтүү администрациянын келишимине ылайык, калкты социалдык жактан колдоого жыл сайын 14 млн сом бөлүү каралган.