Чаткалда айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби Загрузка... 18 Август 2025 15:09
WhatsApp Image 2025-08-18 at 14.48.10.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы коррупциялык кылмыштары үчүн кармалды. Блу тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тендерден жеңип чыккан иш аткаруучудан (подрядчик) колдоо көрсөткөндүгү үчүн - 10 млн 200 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Буга чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылына спорт залдын курулушу боюнча баасы 25 млн сомду түзгөн тендер өткөрүлгөн.

Ошентип, 15-августта "Опузалап пара алуу" беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.А. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда кармалган жаран УКМК Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.