Чаткалда 9 млн сомго жаңы фельдшердик-акушердик пункт курулду

Аймак 24 сентябрь 2025 11:30
550683150_1898308714369717_6334202240323531876_n.jpg
551017195_1898308644369724_3569484382919543792_n.jpg
550981631_1898308577703064_5837638307703809109_n.jpg
551001756_1898308671036388_1718862626366462849_n.jpg
551049369_1898308724369716_8434388851665306478_n.jpg
551288295_1898308774369711_8332289840318415058_n.jpg
551883350_1898308527703069_886575072276812909_n.jpg
552157688_1898308614369727_474248116602245122_n.jpg
552811705_1898307187703203_8762625844825796539_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Чаткал районунун Жер-Капчыгай айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ачылыш аземине президенттин өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Курулуш иштрине бюджеттин эсебинен 9 млн 46 миң сом каражат бөлүнүп, заманбап талаптарга жооп берген медициналык мекеме толугу менен курулуп бүткөрүлдү.

Жаңы ФАП Жер-Капчыгай айылында жашаган 900дөн ашуун тургунга ыкчам жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев айыл тургундарын жаңы саламаттык сактоо жайынын ачылышы менен куттуктап, ал мекеме аймак тургундарынын бакубат жашоосуна жана келечек муундун ден соолугун чыңдоого кызмат кылаарын белгиледи. Ошондой эле облус башчысы жаштарды өз саламаттыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.