Чаткал токой чарбасынын башчысы 5 млн сом пара менен кармалды

Укук тартиби 4 сентябрь 2025 16:53
542062163_1279790460595437_327475961980046959_n.jpg
542065209_1279790260595457_2063731123521004894_n.jpg
542140044_1279790463928770_575756789084905270_n.jpg
542662555_1279790253928791_7944683897500519614_n.jpg
543095812_1279790357262114_7622829294696864563_n.jpg
543096315_1279790353928781_4242450717355980607_n.jpg
543111611_1279790360595447_8254353295019996953_n.jpg
540722435_1279790250595458_8323626372803884738_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. УКМК тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматынын Чаткал токой чарбасынын башчысы Б.М.О. кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 1-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган М.О.Б. "Алтын Белги" ЖЧКсынын директору Ж.у.А. аттуу жарандан 5 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Тактап айтканда, М.О.Б. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Чаткал районунун Чоң-Жайык жеринде алтын казуу боюнча "Алтын Белги" ЖЧКсынын ишин тоскоолдуксуз улантканы үчүн көрсөтүлгөн сумманы опузалап, болбосо мүлкүн камакка алуу жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутканы аныкталган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү улантууда.