Чаткал районунун бир катар айылдары таза суу менен камсыз болот

Аймак Загрузка... 06 Ноябрь 2025 09:47
IMG-20200508-WA0026.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Чаткал районунун Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш айылдарынын таза суу маселесин чечүү максатында долбоордук-сметалык документтер даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өткөрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда курулуш иштерин баштоо боюнча тендерге берүү процесси жүрүп жатат.

Аталган маселе 2024-жылы өткөн III Элдик курултайда Чаткал районунан келген делегаттар тарабынан көтөрүлгөн.

Долбоордун жыйынтыгында Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш айылдарына жалпы узундугу 9800 метр суу түтүгү тартылып, 1058 кожолук таза суу менен камсыз болот. Долбоордун жалпы  сметалык баасы 146,7 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата министрликке III Элдик курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара (12 пайызы) аткарылган, 360 иш-чара (88 пайызы) аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация (60 пайызы) жана таза суу маселелерине (23пайызы) тиешелүү. Стратегиялык маанидеги маселелер учурда аткарылууда.