Чаткалда сел жүрүп, көпүрө жана электр мамычасына зыян келтирди

Аймак Загрузка... 12 Июнь 2026 11:08
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ӨКМ

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 11-июнда тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен Сумсар жана Жийде айылдарынан сел өтүүчү сайлардан сел түшкөн.

Анын натыйжасында, Сумсар, Биримдик жана Мончок-Дөбө айылдарында үч турак үйдүн жер төлөсүнө, бир турак үйдүн короосуна суу кирген. Ошондой эле 7 көпүрөнү суу каптаган. Бир көпүрө жараксыз абалга (айланма жол бар) келген.

Мындан тышкары, Мазар-Сай тилкесинде эки электр мамычасын суу агызып, Сумсар, Биримдик айылдарынын электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Селдин кесепеттерин жоюуга куткаруучулар жана атайын техникалар тартылган.

"Тартылган күч каражаттардын жардамында үч турак үйлөрдүн жер төлөөсү, бир турак үйдүн короосу тазаланды. Ошондой эле Сумсар - Шекафтар унаа жолу бир тараптуу тазаланып ачылган, ал эми электр мамычаларын калыбына келтирүү, унаа жолдорду тазалоо жана кошумча тактоо иштери жүрүүдө”, - деп маалымдашты ӨКМден.