Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Аймак 2 сентябрь 2026 12:20
Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. 2-5-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүп, суу ташкыны болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

"Буга байланыштуу жарандарга сайларга, дарыя жана суу жээктерине жакын барбоо, зарылчылык болбосо тоолуу аймактарга чыкпоо сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 бирдиктүү шашылыш кызматына кайрылуу керек.