Чаткал районунда Фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Коом Загрузка... 24 Июль 2025 12:10
farmer-vibrant-fiel.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек 24.07.25 /Кабар/. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Борбордун ишмердүүлүгү аймактагы фермерлерге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Эми жергиликтүү фермерлерге бардык керектүү кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мында фермерлер агрардык кеңеш алуу, айыл чарба техникаларын ижарага алуу, үрөн жана жер семирткичтер тууралуу маалымат, өндүргөн продукцияны каякка сатуу, асыл тукум мал чарбачылыгы жана башкалар жөнүндө маалымат ала алышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Фермерлерди тейлөө борбору Бишкек, Каракол шаары, Сузак, Кара-Суу, Айтматов жана башка бир катар шаар, район борборлорунда ачылган болчу. Борборлор министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык ишке ашууда.