Чаткал райондук ооруканасынын 85 орундуу жаңы имараты курулат

Аймак 9 июль 2025 15:00
518084821_756750116752359_1649412405466481035_n.jpg
516716610_756750340085670_259182043551611195_n.jpg
516795987_756750403418997_8145027416201502663_n.jpg
517536672_756750143419023_4284452728938542747_n.jpg
517810672_756750040085700_7109051363699729808_n.jpg
517826856_756750066752364_9014453738214435191_n.jpg
517945804_756750313419006_6404011664397504648_n.jpg
518270585_756750386752332_2068746047699511451_n.jpg
518329594_756750213419016_5401124712136676296_n.jpg
518337939_756750070085697_6900846448301423573_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр оорукананын жаңы имаратын куруу долбоору менен таанышты.

Долбоор боюнча оорукананын 85 орундуу заманбап үч кабаттуу имаратын куруу пландалууда. Анын курамында терапия, хирургия, педиатрия, төрөт жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрү болот. Учурда айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Саламаттык сактоо министрлиги техникалык тапшырманы даярдап жатат, ал эми долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда. Курулуш иштеринин башталышы 2025-жылдын август айына, ал эми аякташы 2026-жылга пландалган.

Жаңы имарат куруу демилгеси министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан көтөрүлүп, курулуш иштери анын жеке көзөмөлүнүн астында жүрүп жатат.