Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Кыргызстандын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы тарабынан каржыланган "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорун ишке ашырды. Долбоор 2023-жылы башталган, каржылоонун жана кошумча каржылоонун жалпы көлөмү 150 млн долларды түзөт, анын ичинде:
- 1-компонент "Кайтарымдуу финансылык жардам" — 111,75 млн доллар;
- 2-компонент "Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми" — 32 млн доллар.
Долбоорду ишке ашыруунун аркасында 20 миңден ашык кыргызстандык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү пайызсыз финансылык колдоого ээ болушту. "Кабар" маалымат агенттиги бул каражаттардын жардамы менен өнүгүүгө дем алган ишкерлердин мисалдарын сунуштайт.
Алсак, "Ат-Башы эт комбинаты" ЖЧКсынын директору Руслан Өмүралиев 2023-жылдын декабрь айында ишкана 3 млн сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алганын билдирди.

"Бул каражатка биз эт комбинатынын курулушун аяктадык. Буга чейин бизде жүгүртүү каражаттары жетишсиз болуп жаткан. Насыя алгандан кийин Чек ара кызматы менен келишим түзүп, январь айында эле Казакстандан чийки зат алып келүүгө, ошондой эле фермерлерден жигердүү эт сатып алууга мүмкүнчүлүк алдык. Бул биз үчүн чоң колдоо болду", — деди ишкер.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ишкананын жүгүртүүсү 12 млн сомго жетти, ошондой эле 20 млн сомго чейинки суммадагы келишимдер түзүлүүдө. Продукция Коргоо министрлигине, ИИМдин ички аскерлерине жана башка түзүмдөргө жеткирилет. Ишкананын ассортименти тушенканын жети түрүнө чейин кеңейди, алардын ичинде уй, жылкы, төө жана топоз этинен жасалган азыктар бар. Ошондой эле арпа, гречка жана күрүч ботколору чыгарылат. Келечекте пельмен, фрикаделька жана тефтели өндүрүү пландалууда.

"Пайызсыз насыяны үч жылга алганбыз жана 2026-жылга чейин аны толук жабууга жакындап калдык. Азырынча ички рынокко басым жасап жатабыз, бирок Европа, Корея жана Дубайга экспорттоо боюнча сунуштар түшүүдө", — деп кошумчалады Өмүралиев.
Ошондой эле Бишкектеги SunShine бала бакчасынын жетекчиси, жеке ишкер Маргарита Байтикова өз окуясы менен бөлүштү.

"Бизге долбоордун катышуучусу болуп, 3 млн сомду пайызсыз алуу бактысы буйруду. Бул күтүүсүз жана абдан жагымдуу болду, анткени буга чейин пайызы бар насыялар менен иштечүбүз, ал абдан оор эле. Бул колдоонун аркасында биз балдар үчүн шарттарды жакшырттык: оюнчуктарды, эмеректерди жаңылап, балдар аянтчаларын жабдыктар менен камсыздадык. Ошондой эле жергиликтүү экологиялык таза чоподон жасалган карапа устаканасын ачтык. Бул мамлекет тарабынан абдан жакшы колдоо болду", — деди ал.
Мындан тышкары, Ош шаарындагы "Кел Бил" билим берүү комплексинин негиздөөчүсү, жеке ишкер Өмүрбек Акбарали уулу долбоорго катышуу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2023-жылы мектеп 3 млн сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алып, бул окуу жайдын андан ары өнүгүшүн камсыз кылган.
"Кенен имаратка көчкөнүбүзгө байланыштуу бизге финансылык жардам керек болуп жаткан. Татаал учурда бул долбоор тууралуу билип калып, керектүү эмеректерди сатып алып, окутуу шарттарын жакшырта алдык. Окуучулардын саны көбөйдү, командабыз кеңейди", — деп белгиледи ал.

Өмүрбек Акбарали уулу мектеп жамааты билим берүү системасынын өнүгүшүнө салым кошууга, сапаттуу билим берүүгө жана мамлекеттин социалдык жүгүн бөлүшүүгө умтуларын баса белгиледи.