Чакан жана орто бизнес — Кыргызстандын экономикасынын жаңы деми

Экономика Загрузка... 07 Июль 2025 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акыркы жылдары Кыргызстанда чакан жана орто бизнес (ЧОБ) сектору өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири катары таанылууда. Өлкө жетекчилигинин ишкердикти колдоого багытталган жигердүү чакырыктары жана мамлекеттик деңгээлдеги конкреттүү чаралар бул сектордун стратегиялык маанисин баса белгилеп, анын келечегине карата оң баа берүүгө негиз түзүүдө.

2016-07-08_10-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

“Кабар” агенттигине экономист Кубан Чороев экономиканын азыркы абалы: өсүү динамикасы жана мамлекеттик колдоо тууралуу айтып берди.

Эксперт белгилегендей, расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда чакан жана орто ишкердик субъекттеринин саны туруктуу өсүүдө. Алар ички дүң продуктунун (ИДП) түзүмүндө жана калкты жумуш менен камсыздоодо барган сайын маанилүү орунду ээлеп жатат. Өзгөчө соода, кызмат көрсөтүү, курулуш жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу тармактарда жогорку жигердүүлүк байкалууда.

“Бул өсүш мамлекеттин колдоосу менен да тыгыз байланыштуу. Президент жана министрлер кабинети тарабынан каржылык жеткиликтүүлүк, жеңилдетилген насыялар жана административдик тоскоолдуктарды жоюу сыяктуу бир катар эффективдүү механизмдерди ишке киргизди. Мамлекеттик банктар жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу берилген жеңилдетилген насыялар ишкерлерге реалдуу мүмкүнчүлүк түзүп, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт. Салык системасын жөнөкөйлөтүү жана бир катар жеңилдиктерди берүү бизнеске, айрыкча жаңыдан түптөлүп жаткан ишканаларга каржылык жүктү азайтууга жардам берүүдө. “Бирдиктүү терезе" принциби, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө”, - деди Чороев.

82674.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Орто жана чакан бизнес экономиканын келечеги менен байланышканбы деген суроого экономист мындай жооп берди:

Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси өлкө экономикасынын чыныгы "мотору" болууга толук потенциалы бар. Буга бир нече негизги факторлор себеп:

- Ийкемдүүлүк жана инновация: ЧОБ рыноктогу өзгөрүүлөргө тез ыңгайлашып, жаңы технологияларды жана башкаруу ыкмаларын тезирээк өздөштүрө алат.

- Социалдык мааниси: Бул сектор жумуш орундарынын негизги генератору болуп саналат. Анын өнүгүшү калктын кирешесин жогорулатууга, жакырчылыкты азайтууга жана ички миграцияны ооздуктоого түздөн-түз таасир этет.

- Атаандаштык чөйрөсү: Дени сак атаандаштыкты жаратуу менен ЧОБ товарлардын жана кызматтардын сапатынын артышына, баалардын турукташуусуна өбөлгө түзөт.

54.2_1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Жыйынтыктап жатып Кубан Чороев коррупциялык тобокелдиктер, каржылоонун жетишсиздиги жана айрым бюрократиялык тоскоолдуктар сыяктуу көйгөйлөр толугу менен чечиле элек экенин айтты. Бирок мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан ырааттуу саясат жана ишкерлердин демилгеси бул сектордун келечегине оптимизм менен кароого мүмкүндүк берет.

“Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо – бул жөн гана экономикалык чара эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, элинин бакубаттыгына жана келечегине салынган маанилүү инвестиция”, - деп билдирди серепчи.