Кыргызстандын энергетика тармагы чакан гидроэлектростанцияларга (чакан ГЭС) жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өзгөчө басым жасалып, жигердүү өнүгүүдө. Бул багыт энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, инфратүзүмдү заманбап шартка келтирүү жана экономиканы туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында өлкө өкмөтү үчүн артыкчылыктуу болуп саналат.
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев 25-январда Ысык-Көл облусундагы "Юнигрин" жана "РЭЦА" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан күн электр станцияларынын курулушун текшерди.

Тору-Айгыр айылындагы күн электр станциясында ("Юнигрин", кубаттуулугу 100 МВт) олуттуу иштер аткарылды:
- тилкелерди пландоо – 80 пайыз;
- тосмо орнотуу – 95 пайыз;
- 1-кезектеги таяныч конструкцияларын жеткирүү – 50 пайыз;
- 1-кезектеги таяныч конструкцияларындагы казыктарды бекитүү – 6 пайыз;
- селден коргонуу зоналарын, анын ичинде суу буруучу каналдарды, дренаждык көлмөлөрдү куруу – 50 пайыз;
- 220 кВ тирөөчтөрдү орнотуу үчүн котловандарды даярдоо – 40 пайыз;
- тирөөчтөрдү чогултуу иштери аткарылат.

Күн электр станциясын 2026-жылдын 31-августуна чейин ишке киргизүү пландалууда.
Ал эми "РЭЦА" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан 17 МВт күн элек станциясын куруу иштери 10 пайызга аткарылды. Учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак жай курулуп бүтүп, көмөк чордондун пайдубалы жана 110 кВ электр линиясынын 50 пайызы коюлду. 175 МВт кубаттуулуктагы долбоордун биринчи фазасынын курулушун 2026-жылдын биринчи жарымында аяктоо пландаштырылууда.
Министр курулуш иштеринин сапатын жана графиктерин так сактоо зарылдыгын, ошондой эле калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн энергетиктердин жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.

Ошондой эле Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкөдө 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын ичинен 0,234 млрд кВт/сааты чакан ГЭСтерге жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына туура келген. Курулган күн электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 101,95 МВтга жетти.
2025-жылы жалпы кубаттуулугу 44,59 МВт болгон 8 чакан ГЭС ишке берилди, алардын ичинде:
- Кара-Көл чакан ГЭСи – 18 МВт;
- Кой-Суу чакан ГЭСи – 9 МВт;
- Аксы чакан ГЭСи – 4,75 МВт.
Мындан тышкары, жалпы кубаттуулугу 3 150 МВт түзгөн 5 күн жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимдерге кол коюлду, инвестициянын жалпы көлөмү 4,215 млрд долларды түзөт.
Кыргызстанда чакан ГЭСтерди жана күн жана шамал электр станцияларын куруу энергетикалык балансты диверсификациялоого, электр энергиясынын импортунан көз карандылыкты кыскартууга жана өлкөнүн экологиялык туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ири жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү
Күн жана шамал электр станцияларын өнүктүрүү менен катар ири гидроэлектростанцияларды модернизациялоо иштери уланууда:
- Токтогул ГЭСи: №3 гидроагрегатты реабилитациялоо аяктап, станциянын кубаттуулугу 60 МВтга жогорулады; жалпысынан төрт гидроагрегат модернизацияланып, кубаттуулук 240 МВтга көбөйтүлдү.
- Үч-Коргон ГЭСи: экинчи гидроагрегат модернизацияланды (+9 МВт), кубаттуулуктун жалпы өсүшү 18 МВтты түздү.
- Камбар-Ата-1 ГЭСи: кубаттуулугу 1 860 МВт болгон долбоор эл аралык донорлор менен биргеликте ишке ашырылууда: унаа жолдорду, көпүрөлөрдү, электр берүү чубалгыларын жана турак жай инфратүзүмүн камтыган курулуш-монтаждоо иштери жигердүү жүрүп жатат.

"Жашыл" энергетиканы колдоо
Энергиянын кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү күн жана шамал электр станцияларын курууну гана эмес, "акылдуу" технологияларды киргизүүнү да камтыйт. Анын алкагында:
- электромобилдер үчүн 10 кубаттоочу станция ишке берилди.
- электр энергиясын эсепке алуу үчүн 500,1 миң "акылдуу" эсептегич орнотулду.
Бул чаралар энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга жана көмүртек изин кыскартууга багытталган, бул туруктуу энергетика чөйрөсүндөгү дүйнөлүк тенденцияларга төп келет.
Белгилей кетсек, Кыргызстан чакан ГЭСтерди жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө жигердүү иш алып барууда. Жаңы объекттердин курулушу, иштеп жаткан гидроэлектростанцияларды модернизациялоо, күн жана шамал электр станцияларын ишке киргизүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестиция тартууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, чакан ГЭСтер жана энергиянын кайра жаралуу булактары экология, экономика жана социалдык туруктуулуктун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу менен Кыргызстандын энергетикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын негизги элементтерине айланууда.
КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов "Кабар" агенттигине билдиргендей, Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Токтогул жана CASA-1000 долбоорлорун ишке ашыруу электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтөт. Бул жай мезгилинде эле электр энергиясын Пакистан менен Афганистанга экспорттоону баштоого шарт түзөт.

"Азыркы өсүү темпи уланса Кыргызстан 2030-жылга чейин импортту жокко чыгарып, өзүн-өзү электр энергиясы менен толук камсыздай алат. Энергетикалык потенциалды жогорулатуу менен келечекте Кытайга электр энергиясын жеткирүү мүмкүнчүлүгү ачылат", - деди ал.