Үч жылдын ичинде “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына 163 атайын техника сатып алды

Коом 3 июнь 2025 13:20
WhatsApp Image 2025-06-03 at 13.23.36 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-03 at 13.23.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-03 at 13.23.36 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-03 at 13.23.36 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-03 at 13.23.36 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-03 at 13.23.36.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-03 at 13.23.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-03 at 13.23.35.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-03 at 13.02.22.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Үч жылдын ичинде “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына 163 атайын техника сатып алды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, атайын техникалардын жалпы суммасы 1,5 млрд сомду түздү. Техникалар өлкөнүн бардык аэропортторуна жеткирип берилди.

“Бул оор техникалардын гана суммасы. Буга күнүмдүк керек кылынуучу жеңил техникалар кирбейт. Жыл соңуна чейин аэропортторубуздун баары керектүү атайын техника менен камсыз кылынат”,-деди ал.