Үч шаардын жолдору жана социалдык объектилери үчүн 2,8 млрд сом бөлүндү - Сүйналиев

Коом Загрузка... 25 Май 2026 12:10
21ca268e-e390-43ce-95ec-76d3df08da4a.jpeg

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Финансы министри Руслан Сүйналиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында райондук финансы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен аралыктан кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде катышуучулар Талас облусунда жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар тууралуу маалымат беришти.

Министр бул иштер жөн гана бекитилген планды аткаруу үчүн эмес, калктын жашоо сапатын жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

“Биз жол инфраструктурасын жаңыртуу, трассаларды оңдоп-түзөө жана маданий имараттарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатабыз”, - деди ал.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө министр бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана туура пайдаланылышын, каржылоонун аймактарга өз убагында жетишин көзөмөлдөө маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, аймактарды каржылоого өзгөчө көңүл бурулууда. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн максаттуу трансферттер Талас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларына багытталган.

Бул каражаттар жолдорду оңдоого жана курууга, жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга, ошондой эле социалдык объектилерди модернизациялоого жумшалат.

Тактап айтканда, Талас шаарына 1 млрд 90 млн сом, Чолпон-Ата шаарына 1 млрд 78 млн сом, ал эми Каракол шаарынын социалдык инфраструктурасына 679 млн сом каралган.