Үч облустагы сүттүн баасы. Кайсы аймакта кымбат?

Экономика Загрузка... 27 Январь 2026 15:13
cuoZ7sLFotFDvRPBPW2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 27.01.26 /Кабар/. Учурда кайра иштетүүчү ишканалар фермерлерден сатып алган, майлуулугу 3,4 пайыз болгон чийки сүттүн баасы аймактарга жараша 48 сомго чейин жетүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, сүттүн баасы:

  • Чүй облусунда — 35-47 сом;
  • Талас облусунда — 32-41 сом;
  • Ысык-Көл облусунда — 34-48 сомду түзүүдө.

Белгиленгендей, министрлер кабинетинин токтому менен чийки сүткө бааны белгилөө тартиби бекитилген. Ага ылайык, базалык баа майлуулугу 3,4 пайыз болгон сүт үчүн аныкталат.