Үч-Коргон ГЭСи жаңыланууда: Кубаттуулук дагы 18 МВтка жогорулайт

Аймак 29 Апрель 2026 10:20
1.jpg
681081674_955062657118710_7507074395397355410_n.jpg
681268562_955062720452037_1673175925781747109_n.jpg
682990433_955062650452044_4044420320248186922_n.jpg
684271147_955062707118705_4131030533941462546_n.jpg
684273139_955062857118690_7141515804883529166_n.jpg
684512265_955062767118699_1542541752988124127_n.jpg
685711471_955062787118697_1953174192351715714_n.jpg
685720258_955062877118688_8761751378161634493_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жумуштун жалпы аткарылыш деңгээли 26,8 пайызды түздү. Иштер бекитилген графикке ылайык, Кытайдын CNEEC башкы подряддык компаниясы адистери тарабынан аткарылууда.

Модернизациянын натыйжасында ГЭСтин кубаттуулугу ырааттуу өсүүдө. 2025-жылы №3 жана №4 агрегаттар жаңылангандан кийин станциянын кубаттуулугу 180 МВттан 198 МВтка жогорулаган. Ал эми учурдагы №1 жана №2 агрегаттарды жаңылоо иштери аяктаганда, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 216 МВтка жетет.

"Бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана инфраструктураны жаңылоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.