Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо ноябрда аяктайт

Коом 29 октябрь 2025 14:52
573884437_18082399223476120_6680728495624511659_n.jpg
572111489_18082399178476120_2224388652445437795_n.jpg
572167806_18082399214476120_311188916688590321_n.jpg
572639086_18082399196476120_1690324516312723823_n.jpg
573067915_18082399205476120_3870435482923844815_n.jpg
573541851_18082399187476120_7294940212941106823_n.jpg
Алдыга
Артка
573884437_18082399223476120_6680728495624511659_n.jpg
572111489_18082399178476120_2224388652445437795_n.jpg
572167806_18082399214476120_311188916688590321_n.jpg
572639086_18082399196476120_1690324516312723823_n.jpg
573067915_18082399205476120_3870435482923844815_n.jpg
573541851_18082399187476120_7294940212941106823_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСинин №3гидроагрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ГЭС Кыргызстандын энергетикалык системасында стратегиялык мааниге ээ.

Долбоордун негизги максаты — станциянын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, кызмат мөөнөтүн узартуу, ошондой эле заманбап автоматташтыруу жана технологиялык процесстерди башкаруу системаларын киргизүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө №3 гидроагрегат боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

  • №3 гидроагрегатта башкаруу шкафтарын ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери жүрүп, агрегатты чогултуу жана системага май куюу иштери аткарылууда. Ошондой эле «нымдуу» сыноо жүргүзүүгө даярдык катары көтөргүч механизмин даярдоо аяктоодо;
  • №4 гидроагрегатта башкарууну жөнгө салуу системасы (БЖС) алмаштырылып, мурда аныкталган кемчиликтер жана эскертүүлөр жоюлууда;
  • №5 жана №6 дарбазалар боюнча адистер жыйноо жана дефектоскопия иштерин жүргүзүп, аларды долбоордук ордуна орнотууга даярдоодо;
  • №2 гидроагрегатта статордун станинасын ширетүү иштери улантылууда — бул жабдуунун электромеханикалык бөлүгүн чогултуудагы негизги этап болуп саналат.

№3 гидроагрегатты оңдоо иштери 98 пайызга аяктаган, анын толук бүткөрүлүшү 2025-жылдын ноябрь айына пландалган. Реконструкциядан кийин анын кубаттуулугу 54 МВт түзөт, бул модернизацияга чейинки көрсөткүчтөн 9 МВт жогору.

Модернизациядан кийин Үч-Коргон ГЭС туруктуу, коопсуз жана экономикалык жактан натыйжалуу электр энергиясын өндүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, өлкөнүн энергетикалык системасын өнүктүрүүгө салымын кошот.