Үч-Коргон ГЭСинин №2 гидроагрегаты электр энергиясын туруктуу өндүрүүдө — Кабар

Үч-Коргон ГЭСинин №2 гидроагрегаты электр энергиясын туруктуу өндүрүүдө

Экономика 26 ноябрь 2025 12:25
uchkurgan.jpg
587291025_18085034969476120_1501910931233240485_n.jpg
587822413_18085034978476120_6924777752760614526_n.jpg
588533411_18085034987476120_5100922943901448528_n.jpg
Алдыга
Артка
uchkurgan.jpg
587291025_18085034969476120_1501910931233240485_n.jpg
587822413_18085034978476120_6924777752760614526_n.jpg
588533411_18085034987476120_5100922943901448528_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты модернизациядан өтүп, электр энергиясын туруктуу берүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

ГЭСтин бул гидроагрегаты станция эксплуатацияга берилген 1962-жылдан бери биринчи жолу мындай көлөмдөгү капиталдык ремонттон жана толук алмаштыруудан өттү.

Реконструкциянын жүрүшүндө:

  • турбинанын жана генератордун негизги түйүндөрү толугу менен алмаштырылды;
  • автоматика, муздатуу, май басымы жана башкаруу системалары заманбап үлгүгө жаңыртылды;
  • дүйнөлүк алдыңкы технологиялар киргизилип, станциянын ишенимдүүлүгү жана эффективдүүлүгү бир кыйла жогорулады.

Жаңы гидроагрегаттын орнотулган кубаттуулугу 45 МВттан 54 МВтка чейин өсүп, 9 МВтка көбөйдү. Агрегат азыр электр энергиясын туруктуу жана жогорку көрсөткүчтөр менен берүүдө.

Бул Үч-Коргон ГЭСтин жалпы өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошот. Модернизациянын негизги иштери Кытайдын CNEEC компаниясы тарабынан аткарылды.

Бүгүнкү станциянын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун дагы жогорулатуу максатында бир катар иштер активдүү жүрүп жатат.