Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда

Коом 20 август 2025 12:35
535805419_758432746781703_3095756951249682330_n.jpg
534918178_758432786781699_3303592359517852178_n.jpg
535255859_758432753448369_1408037915138636425_n.jpg
535420382_758432800115031_2063480052500888212_n.jpg
536269291_758432840115027_4124603499551595665_n.jpg
536275339_758432876781690_2942654390544034813_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Министрлик акыркы 4 жылда генерацияны көбөйтүү максатында эскирген ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоого өзгөчө көңүл бөлүүдө.

Учурда "Электр станциялар" ААКтын Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын реконструкция иштери күчөтүлгөн режимде жүрүүдө. Иш үчүн зарыл жабдуулардын 94 пайызы жеткирилген.

Коюлган планга ылайык, жумушчу топ объектти күз-кыш мезгилине карата өз убагында ишке киргизүү үчүн иш алып барууда.

Учурда төмөндөгүдөй иштер аткарылууда:

  • №3 гидроагрегат - башкаруу шкафтарын жөнгө салуу, көзөмөл кабелдерин төшөө, жумушчу дөңгөлөктү чогултуу, жөнгө салуу системасынын түтүктөрүн монтаждоо, НА канаттарын орнотуу жана жабдууларды борборлоштуруу;
  • Ротор ГГ-3 – ротордун үстүнкү кысуучу планкасынын ширетүү иштери аяктады.
  • Май чарба системасы – түтүктөрдү монтаждоо иштери жүрүүдө;
  • Туруктуу көтөрүү механизми АРЗ ТВ – лебёдка механизминин пайдубалын орнотуу жана СУР ГА-3түн паздарын лазердик тазалоо (жогорку бьефте).

Иштерди ноябр айына бүткөрүү пландалууда. Экинчи агрегат алмаштырылгандан кийин станциянын кубаттуулугу 9 МВтка жогорулайт.