Бишкек , 09.04.25. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСиндеги №3 гидроагрегатты реконструкциялоо долбоорунун алкагында кеңири масштабдагы иштер уланууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө №3 гидроагрегатты демонтаждоо иштери 91%га аткарылып, иштер активдүү жүрүп жатат.
Реконструкциялоонун алкагында төмөнкү негизги этаптар ишке ашырылууда:
- Жумушчу дөңгөлөктүн бычактарын демонтаждоо;
- Жумушчу дөңгөлөктүн камерасын демонтаждоо;
- 3-гидроагрегаттын техникалык суу менен жабдуу түтүктөрүн монтаждоо;
- Статордун темирин чогултуу;
- Жаңы борбордук башкаруу пультунда станцияны башкаруу тутумун жөндөө.
Белгилей кетсек, 3-гидроагрегатты ишке киргизүү 2025-жылдын ноябрь айына пландалган. Реконструкция бүткөндөн кийин анын кубаттуулугу 54 МВтты түзөт, бул модернизацияга чейинки көрсөткүчтөн 9 МВтка көп.
Бул станциянын жалпы өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, региондун энергетикалык туруктуулугун бекемдейт.