Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун абалы жана аны реконструкциялоого даярдык иштери менен таанышты.
Муницитпалитеттен билдиришкендей, текшерүүдө имараттын айрым конструкциялары эскирип, жер төлөдөгү жайларда бузулуу белгилери бар экени аныкталган. Реконструкциянын алкагында инженердик жана желдетүү системаларын жаңылоо каралган.
Имаратты реконструкциялоо же анын айрым бөлүктөрүн демонтаждоо боюнча чечим Шаар куруу кеңешинде талкуулангандан кийин кабыл алынат. Мэр адистерге конструкциялардын абалын баалап, Спорт ордосунун тарыхый элементтерин сактоо зарылдыгын эске алууну тапшырды.