Айтматов проспектисинде түнкүсүн унаа кыймылына коюлган чектөө алынды

Коом 11 сентябрь 2025 18:10
Айтматов проспектисинде түнкүсүн унаа кыймылына коюлган чектөө алынды

Бишкек, 11.09.25 /Кабар. Чыңгыз Айтматов проспектисинде түнкүсүн унаа кыймылына коюлган чектөө алынды.

Мэриядан билдиришкендей, 2025-жылдын 11-сентябрынан тарта Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинде саат 22:00дөн кийин унаалардын кыймылына чектөө киргизилбейт.

Мындай чечим шаардыктар жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле жол агымын жөнгө салуу максатында кабыл алынды.

Ушул күндөн тарта проспектидеги унаа кыймылы күнү-түнү ачык болот.