Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. 2026-жылдын алгачкы үч айынын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдөн 6 миң метрден ашуун эски кытай синтетикалык торлору алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Торлор балыктарга олуттуу зыян келтирип, көлдүн экологиясына коркунуч жаратууда.
Белгилей кетсек, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.