Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн бир бөлүмүнө укук коргоо органынын жана алгачкы текшерүү органынын функциясы менен макам ыйгаруу тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-октябрда Салык кызматы тарабынан "КР өкмөтүнүн жана министрлер кабинетинин укук коргоо органынын макамына ээ болгон Салык кызматынын органдарынын функцияларын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылган.
Талкуунун жүрүшүндө коомчулуктун пикирин эске алуу менен Мамлекеттик салык кызматы аталган долбоорду кайтарып алуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду.
Салык кызматы коомчулукка талкууга активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, салык саясаты жана башкаруу жаатындагы маанилүү маселелер боюнча ачык диалогго даяр экенин белгилейт.
Кошумчалай кетсек, токтом долбоорунда Мамлекеттик салык кызматынын түзүмүндө, Бишкек, түндүк жана түштүк аймактарын камтыган Салык кылмыштарына каршы күрөшүү башкармалыгын түзүү сунушталган. Бул башкармалык укук коргоо органынын статусун алып, салык чөйрөсүндөгү бузууларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча адистешери айтылган болчу.