Ташкент, 01.07.25. /Кабар/. Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) тарабынан уюштурулган CAFA Nations Cup 2025 эл аралык футбол турнири 29-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.
Өзбекстандын Спорт министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тайпалык этаптагы оюндар Өзбекстан менен Тажикстандын стадиондорунда өтөт, ал эми финалдык беттеш Ташкент шаарында уюштурулат.
Быйыл турнирдин катышуучуларынын курамы кеңейип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук командаларынан тышкары, конок катары Малайзия менен Оман Султанатынын курама командалары да катышат.
CAFA Nations Cup 2025 турниринин чүчүкулак кармоо аземи 3-июлга белгиленген.
Серепчилердин пикиринде, Малайзия менен Омандын катышуусу турнирдин эл аралык макамын жогорулатып, оюндардын атаандаштык деңгээлин арттырат.