Быйыл Ысык-Көлдө чычырканактын "алтай" түрү мол түшүм берди

Коом Загрузка... 04 Август 2025 12:24
5123797f-cdc5-4510-ac75-4d62ed7c9fff.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө чычырканактын "алтай" деп аталган тикенексиз түрү мол түшүм берип, базарда жогору бааланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Чычырканактын аталган түрү 5 жыл мурда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында демонстрациялык максатта отургузулган. Быйылкы жыйноо мезгилинде жогорку түшүмдүүлүк жана сапаттуу мөмөлөр менен айырмаланды.

Бул сорттун негизги артыкчылыктарынын бири — тикенектеринин жоктугу. Бул өзгөчөлүк бакты багуу жана мөмө жыйноо иштерин кыйла жеңилдетет. Мөмөлөрү ири, ширелүү жана даамдуу. Учурда бул чычырканак дүңүнөн 600 сомдон сатылып жатса, базардагы баасы 800-1000 сомго чейин жетүүдө. бул анын суроо-талабын көрсөтөт.

Адистердин айтымында, "алтай" сорту үй шартындагы чакан бактар үчүн гана эмес, ири көлөмдөгү өнөр жай плантацияларын негиздөө үчүн да келечектүү сорт катары эсептелет.