Быйыл ишке берилүүчү өндүрүштүн көбү курулуш тармагындагы ишканалар - Сагымбаев

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Быйылкы жылы ишке берилүүчү ишканалардын ичинен эң көбү болуп курулуш тармагындагы 47 ишкана эсептелет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси Элдос Сагымбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

WhatsApp Image 2025-10-06 at 08.01.03.jpeg

Анын айтымында, тамак-аш өндүрүү жаатында 11, энергетика тармагында 11, жеңил өнөр жай жана текстиль багытында 11 ишкана жана ошондой эле металлургия, кагаз буюмдарын чыгаруу, фармацевтика сыяктуу тармактарда ишканалар бар.

“Бүгүнкү күндө өлкөдө курулуш материалдарын өндүрүү тармагында чоң жылыштар бар. Акыркы 2-3 жылдын ичинде мамлекет тарабынан ипотекалык батирлер курулуп жатат. Мындай шартта өлкөдө курулуш материалдарына суроо-талап жогору болууда. Ошондуктан ата мекендик өндүрүшчүлөр курулуш материалдарын өндүрүүгө басып жасап, көлөмдөрү бардык тарапты камсыздоодо. Мамлекеттик жана жеке сектордо да курулуштар кызуу жүрүп жатат. Курулуп жаткан чакан жана ири ГЭСтерге да бир топ курулуш материалдары талап кылынат. Мында эң негизгилери цемент, кирпич сыяктуу материалдар ири көлөмдө керек. Буга чейин бул материалдардын баары сырттан импорттолуп келчү, акыркы 3-4 жылда бул тармакта өндүрүштүн көлөмү өсүп, көптөгөн курулуш материалдарын өзүбүздүн өлкөдөн эле сатып алып жатышат”,- деди Сагымбаев.

Ошондой эле ал өлкөдөгү цемент өндүрүүчү эки ири ишкананы мисал катары атады.

“Совет мезгилинен бери иштеп келе жаткан Кант шаарындага “Кант цемент” заводу өткөн жылы толук модернизациядан өтүп, өндүрүш көлөмдөрүн көбөйтүп, заманбап ишканага айланды. Андан тышкары, Чүй облусундагы жаңы технология менен курулган “Терек Таш” цемент заводу жана түштүк аймакта дагы бир нече цемент, кирпич өндүрүүчү заводдор үзгүлтүксүз иштеп жатат”,- деди министрликтин өкүлү.