Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. 2026-жылы Чүй облусунда 119 чакырым СИП кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери пландаштырылган.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул иштер 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин негизинде март айынан ноябрь айына чейин аткарылат.
Анын ичинде:
- Аламүдүн району – 20,45 чакырым;
- Кемин району – 6,840 чакырым;
- Москва району – 11,100 чакырым;
- Жайыл району – 9,429 чакырым;
- Сокулук району - 33,583 чакырым;
- Чүй району – 15,899 чакырым;
- Ысык-Ата району – 5,68 чакырым;
- Панфилов району - 8 чакырым.
СИП кабелдин өзгөчөлүгү: Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна жана муздун тоңуп калышына аз дуушар болуп, электр тармагынын ишенимдүүлүгүн бир топ жогорулатат. Катуу шамалда электр энергиясынын кыска туташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына жол бербейт. Табигый терс факторлорго туруктуу келет.