Быйыл Бишкекте 19 чакырым жаңы жол салынат – мэр

Коом Загрузка... 13 Февраль 2026 10:09
511667436_1166438792198640_6507513891248998934_n.jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. 2026-жылы Бишкекте 19 чакырым жаңы жолду салуу пландалууда. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев коллегияда билдирди.

Анын айтымында, 100 чакырым жол реконструкцияланат. Ошондой эле 6 жаңы көпүрө курулат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 жол түйүнүн куруу да каралууда.

“28 чакырым тротуарды, 20 жер астындагы жөө өтмөктөрдү жана 3 жер үстүндөгү жөө өтмөктөрдү куруу пландалууда”, - деди шаар жетекчиси.

Мэр белгилегендей, 2025-жылы борбор калаада 92 км жол оңдолгон, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 62 км болгон.