Бюрократиядан арылуу. Жарлыкты дыкат карап, аягына чейин чыгаруу керек - Карашев

Коом Загрузка... 05 Июнь 2025 16:35
WhatsApp Image 2025-06-05 at 16.11.11.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” президенттин жарлыгын дыкат карап чыгып, аягына чейин чыгаруу керек. Мындай пикирин мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” көрсөтүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 2010-жылы да аталган маселе көтөрүлүп, ведомстволор аралык топтор түзүлүп, кайталанган текшерүүлөр үч эсеге кыскарган. Бирок, тилекке каршы маселе толугу менен чечилбей калган.

“Өлкө башчысынын чыгарган жарлыгын жеке өзүм жагымдуу кабыл алдым. Бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселелеринин бири. 100 пайыз колдойм. Маселени шашылбай ар тараптуу карап чыгуу керек. Маселени чечүүгө бизде саясий эрк да, шарт да бар”, - деди ал.