Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча чаралардын алкагында онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн жеке клиникаларга алгачкы эки лицензия берилди. Бул тууралуу брифингде юстиция министри Аяз Баетов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн бюрократиядан арылтуу боюнча жыйында саламаттыкты сактоо системасы боюнча маселелер каралат.
Министр белгилегендей, Кыргызстанда онкологиялык оорулууларды дарылоого ар дайым мамлекеттик монополия болуп келген.
"Өткөн аптада алгачкы эки лицензия жеке клиникаларга берилди. Бул багытта иш үч жылдан ашык жүргүзүлгөн, бирок эки ай мурун биз иштеп чыгып, алгачкы лицензияларды бердик. Бул дагы бюрократиядан арылуу. Мурда биз талкуулап гана келген пландар бүгүн чындыкка айланды", - деди ал.
Министр мурда онкологиялык оорулуулар мамлекеттик ооруканаларда же чет өлкөдө гана дарылана алганын белгиледи.
"Жада калса онкологиялык оорулуу чет өлкөгө дарыланууга барып, кыргызстандык хирург-врач ал өлкөгө учуп барып операция жасап, анан экөө чогуу Кыргызстанга кайтып келген анекдот да бар эле. Эми Кыргызстандын жарандары жеке клиникаларда кесипкөй дарыгерлерден жардам ала алышат", - деди министр.