Бюджетке 1,2 трлн сом салык түштү: 5,5 жылдык көрсөткүч 30 жылдык суммадан ашты

Экономика 22 Август 2026 13:06
IMG_6176.webp

Бишкек, 22.08.26 /Кабар/. Беш жарым жылдын ичинде мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык төлөмдөрдүн жалпы суммасы мурда 30 жыл ичинде жыйналган салыктардын көлөмүнөн ашты.

Салык кызматынан билдиришкендей, 2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине 1,2 трлн сомдон ашык салык түшкөн.

Жылдар боюнча салыктык түшүүлөр:

  • 2021-жыл – 105,7 млрд сом;
  • 2022-жыл – 156,3 млрд сом;
  • 2023-жыл – 185 млрд сом;
  • 2024-жыл – 228,2 млрд сом;
  • 2025-жыл – 308,4 млрд сом;
  • 2026-жылдын 7 айы – 228,8 млрд сом.

Салыштырмалуу алсак, 1991-жылдан 2020-жылга чейинки 30 жыл ичинде өлкө бюджетине аткарылган салыктык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 724 млрд сомду түзгөн.

096f97b9-5ca5-4330-9f11-b4f7f94609af

Мындай көрсөткүчтөр салыктык башкаруу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун жана бюджетке акча жыйноонун оң динамикасын айгинелейт.

“Салыктык түшүүлөрдүн өсүшү башкарууну өркүндөтүү, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө секторун ачыкка чыгаруу боюнча аткарылган иштердин эсебинен камсыздалды”,-деп айтылат маалыматта.