Былтыр ЖОЖдордун миңден ашык бүтүрүүчүсү мектептерге бөлүштүрүлгөн

Коом Загрузка... 10 Апрель 2026 13:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Учурда Агартуу министрлиги мугалимдердин жетишсиздигин азайтуу максатында жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн түздөн-түз мектептерге бөлүштүрүүнү колго алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында 10 орто мектептин курулушун баштоо аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2025-жылы 1000ден ашык бүтүрүүчү бөлүштүрүү тартиби боюнча мектептерде иштеп башташты.

“Ош шаарында мугалимдердин жетишсиздиги боюнча да кабарым бар, бирок башка региондорго салыштырмалуу кадр менен камсыздоо дурус деп айтсак болот. Дегеле мугалимдердин жетишсиздиги – бул татаал маселе.

Учурда Агартуу министрлиги мугалимдердин жетишсиздигин азайтуу максатында жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн түздөн-түз мектептерге бөлүштүрүүнү колго алды.

Мындан сырткары, эл аралык практикага ылайык, ЖОЖдордогу жогорку курстун студенттерине бир эле учурда мектептерде иштөөгө мүмкүндүк берилүүдө.

“Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасы аркылуу 3000ге жакын педагог квалификациясын жогорулатып, башталгыч класстарга которулду, бул дагы негизги жүктү азайтууга жана кадрдык абалды жакшыртууга көмөк болууда”, - деди өлкө башчысы.

Ошондой эле президент мамлекеттик колдоо чараларынын алкагында мугалимдер үчүн кошумча стимулдар караштырылып жатканын, мугалимдердин жетишсиздигин жоюу жаатында жылыштар бар экенин айтты.