12 жылдык билим берүү: Мугалимдерди даярдоо уланууда

Билим 17 сентябрь 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.33.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.33.33.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.33.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.33.33.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.09.26 /Кабар/. Кыргыз билим берүү академиясында болочок мугалимдерди даярдаган жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө усулдук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Семинар “Алтын Казык” мамлекеттик программасынын алкагында уюштурулуп, мугалимдерди даярдоо системасын 12 жылдык мектептин талаптарына ылайык жаңылоо маселелерине арналды.

Иш-чарада жогорку окуу жайлардын педагогикалык билим берүү программаларын 12 жылдык мектептин жаңы талаптарына ылайыкташтыруу, педагогикалык практиканы жана усулдук даярдыкты күчөтүү, дуалдык окутууну өнүктүрүү маселелери каралды.

Ошондой эле болочок мугалимдерди санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонууга даярдоо, окуу-усулдук материалдарды жаңылоо зарылдыгы белгиленди.

Семинарда ошондой эле, башталгыч класстардын, интеграцияланган табигый илимдердин, профилдик предметтердин жана англис тилинин мугалимдерин даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.