Былтыр Түркия Кыргызстанга 1,4 млрд долларлык товар экспорттоду

Экономика Загрузка... 20 Февраль 2025 12:00
WhatsApp Image 2025-02-20 at 08.36.39.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Түркиянын түрк республикаларына экспорт кирешеси өткөн жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип 11,1 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу ТRT кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, бул беш өлкөнүн арасында Түркия өткөн жылы эң көп экспортту Казакстанга жиберди. Бул өлкөгө 3,3 млрд долларлык экспорт жасалды.

Казакстандан кийин 3,1 млрд доллар менен Азербайжан, 2,2 млрд доллар - Өзбекстан, 1,4 млрд доллар менен Кыргызстан жана 1,1 млрд доллар менен Түркмөнстан турат.

Бул өлкөлөргө 2024-жылы казандар, машиналар, механикалык аппараттар, тетиктер, электр машиналары, жабдуулар, трикотаж кийимдери жана аксессуарлар экспорттолду.

Түркия 5 жылдын ичинде түрк мамлекеттерине экспорттук кирешесин эки эсеге көбөйттү.