Былтыр Ош облусунда 6 млрд сомго жакын инвестиция өздөштүрүлдү

Аймак Загрузка... 17 Февраль 2026 12:28
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.04.43.jpeg
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. 2025-жылы Ош облусунда ишкердик чөйрөнү жакшыртуу жана инвестиция тартуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында 120 жаңы ишкана ачылган. Бул тууралуу бүгүн облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиялык жыйынында айтылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, натыйжада 1 474 жумуш орду түзүлгөн.

"Ал эми жалпы тармактарды кошуп эсептегенде 17 453 жумуш орду түзүлгөн. Алардын эсебинен жалпысынан өнөр жай тармагында 5 млрд 938,5 млн сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 392,9 млн сомго көп", - деп айтылат маалыматта.