Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстанда туруктуулук орноп, өлкө өнүгүү жолуна түшүп, анын ичинде Нарын облусу дагы куру эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нооруз майрамы белгиленип жаткан Нарын шаарында айтты.
Президенттин айтымында, 2021-жылы 30 гана ишкана ачылса, 2025-жылы 134 ишкана ишке киргизилди.
"Анын негизинде кошумча жүздөгөн жумуш орундары түзүлдү. Бүгүнкү күндө облустун аймагында 21 млрд сомдук долбоорлор ишке ашырылып жатат", - деди өлкө башчысы.
Эскерте кетсек, бүгүн Нооруз майрамы Нарын шаарында салтанаттуу түрдө белгиленүүдө.