Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. 2025-жылы Манас шаарында 1224 үй-бүлө ипотекалык батирге ээ болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Учурда калкты жеткиликтүү жана заманбап турак жай менен камсыз кылуу үчүн Манас шаарында муниципалдык жер тилкелер ажыратылып, "Асман резиденс 7", "Асман резиденс 8", "Асман резиденс 9", "Асман резиденс 10", "Асман резиденс 12", "Асман резиденс 13" ЖАНА "Асман резиденс 14" турак жай комплекстери курулууда.
2025-жылы Жалал-Абаддагы "Асман резиденс 1, 2, 3" турак жай комплекстери пайдаланууга берилип, Манас шаарында 1 224 үй-бүлө ипотекалык турак жай менен камсыз болгон.