Былтыр Кыргызстанга 2 млрд доллардан ашык түз инвестиция тартылган

Жогорку Кеңеш 7 октябрь 2026 16:30
Былтыр Кыргызстанга 2 млрд доллардан ашык түз инвестиция тартылган
copyright icon ЖИ

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанга 2 млрд доллардан ашык түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Медина Кайрылбекованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тартылган түз инвестициялардын көлөмүндө Россиянын үлүшү болжол менен 40%дан жогору.

“Негизги инвесторлордун катарында биринчилерден болуп Россия, Кытай, Түркия, АКШ жана Улуу Британия турат. Россиянын үлүшү болжол менен 40%дан жогору”,- деди Амангелдиев.

Ал ошондой эле чек арага жакын жайгашкан жерлер мыйзамга ылайык ижарага да, менчикке да берилбей турганын белгиледи.

“Эгер мамлекеттик жер болсо, ижара акысы мамлекеттик бюджетке, ал эми жергиликтүү бийликке караштуу болсо, жергиликтүү бюджетке түшөт. Ижара акысы белгиленген тиешелүү эсептөө тартибинин негизинде аныкталат”,- деди ал.

Амангелдиевдин айтымында, мыйзамда чет өлкөлүк жана ички инвесторлор өзүнчө бөлүнбөйт жана бардык инвесторлор үчүн бирдей шарт түзүлөт.

“Мыйзам боюнча чет өлкөлүк жана ички инвестор деп бөлүнбөйт. Биз инвестор жана инвесторлорго шарт түзүү деген принципти карманабыз. Бардыгына бирдей мамиле жана бирдей шарт түзүлөт”,- деди Амангелдиев.