Былтыр Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы $5,9 млрд түздү

Экономика 20 февраль 2026 10:33
Былтыр Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы $5,9 млрд түздү

Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 5,9 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 7,7 пайызга өскөн.

"Республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга - 64,9 пайыз жана Казакстанга - 31,5 пайыз туура келди", - деп айтылат маалыматта.