Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө эс алууга жумшаган чыгымдары, болжолдуу маалыматтар боюнча, 423,3 млн долларды түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин материалында келтирилген.
Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 пайызга төмөндөгөн.
Ошону менен бирге, туристтик рыноктун катышуучулары кыргызстандыктардын чет өлкөлүк багыттарды тандоодогу табити өзгөргөнүн белгилешүүдө. Буга чейин ата мекендик ири туркомпаниялардын бири агенттикке билдиргендей, балалуу үй-бүлөлөр көбүнчө Египетти жана Вьетнамдагы Фукуок курортун тандашат. Буга "бардыгы камтылган" (all inclusive) форматы, мейманканалардын өнүккөн инфраструктурасы, анимация жана балдар менен эс алуу үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар себеп болууда.
Ал эми жаштар динамикалуу багыттарга артыкчылык беришет. Популярдуу жерлердин катарында Таиланд, Вьетнам жана Дубай бар. Бул жерлерде туристтерди активдүү шаардык жашоо, көңүл ачуулар жана түнкү атмосфера кызыктырат.