Кыргызстан 2024-жылы Россиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча үчүнчү орунду ээледи

Коом Загрузка... 20 Июнь 2025 12:50
2005670806_0_273_31.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. 2024-жылв Россияга 6 миллиондон ашык мигрант келген, алардын жарымы ишке орношуу максатында. Бул тууралуу Россиянын ИИМинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова SPIFte сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

"Биз пандемияга чейинки көрсөткүчтөргө кайттык. Бизге 2024-жылы 6,3 миллион чет элдик жарандар келишкен. Бул жараңдардын 50% миграция максатын көздөйт",-деген ал "Эмгек мигранттары" жана "Экономика өлчөмү» отурумунда.

Сессияда бөлүм сунуштаган материалдарга ылайык, жаңы келгендер негизинен Өзбекстандын (23,3%), Тажикстандын (16,7%), Кыргызстандын (10,4%) жана Беларустун (9,5%) жергиликтуу тургундары.