Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча күрөөканаларга карата болгон текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жалпысынан күрөөканаларга карата 2,2 млн сомдон ашуун айып салынган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин финансы рынокту көзөмөлдөө, контролдоо жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Ал эми 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 65 күрөөкананын лицензиясы токтотулган.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында жалпысынан күрөөканага ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча 431 уруксат кагазы берилген. Пайыздык чендерге токтолсок, 2024-жылдын 23-майында Кыргызстандагы күрөөканалардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Мында күрөөканалардын жылдык пайыздык натыйжалуу ставкасы Улуттук банк тарабынан аныкталып, алынган орточо номиналдык пайыздык ставкага 12 пайызды кошуу менен аныкталат. Тактап айтсак, 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин күрөөканалардын пайыздык ставкасы жылдык 30 пайыздан ашпоосу керек”,- деди Ашимжан уулу.
Маалымдалгандай, аталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден тартып, күрөөканалардын пайыздык ставкасы 30 пайызды түзүүдө.
“Жарандар күрөөканалардын кызматтарын колдонгон учурда алгач уруксат кагазын талап кылуусу, ошол эле учурда күрөө келишимдерин, күрөө билеттерин сөзсүз түрдө кылдаттык менен окуп чыгышы керек. Мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден баштап, учурда өлкө аймагында күрөөканалардын пайыздык ставкасы 30 пайызды түзөт. Эгер кардарлар тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталса же күрөөканалар тарабынан жогорку пайыздар менен акча каражаттарын берүү фактылары болсо, финансылык көзөмөлдүн расмий баракчалары аркылуу сөзсүз түрдө электрондук же кагаз түрүндө кайрылууну сунуштайбыз”,- деди ал.