Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын январь-декабрында мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 9,4 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын айтымында, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 9,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 8,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 7,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,2 пайызга жогорулады.
"2025-жылдын декабрында республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү - 11,6 пайыз Ош шаарында катталды, бул азык-түлүк эмес товарларынын 12 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин эң көп - 13,5 пайызга кымбатташы менен шартталды. Баалардын максималдуу өсүшү азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга - 13,1 пайызга Чүй облусунда, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 14,4 пайызга Ысык-Көл облусунда катталды", - деди ал.