Курулуш кулач жаюуда: Бишкекте 143 млрд сомдук иш аткарылды

Экономика Загрузка... 12 Февраль 2026 18:26
WhatsApp Image 2025-12-04 at 15.14.49.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. 2025-жылы борбор калаада курулуш тармагында олуттуу өсүш катталды. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди.

Анын айтымында, бул шаардын инвестициялык активдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.

“Акыркы 5 жылда курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 2,3 эсеге жогорулады. 2025-жылдын жыйынтыгы менен ал 143,5 млрд сомду түзүп, 19,7%га өстү”, - деди ал.