Былтыр Баткен облусуна чет өлкөдөн 63,1 млн доллар инвестиция тартылган

Аймак 684 28 Январь 2026 14:34
1.jpg
622798131_1432346034925514_8565043990277645699_n.jpg
622777284_1432346161592168_7783503156121166110_n.jpg
622798673_1432346064925511_1719386774974248585_n.jpg
622805988_1432345951592189_5041270385936136938_n.jpg
622811342_1432345998258851_7728545916947579907_n.jpg
622814416_1432346108258840_7312295393443652272_n.jpg
622822296_1432346314925486_2639400001777171481_n.jpg
622871658_1432346144925503_7562115029873903944_n.jpg
623366872_1432345911592193_4451819404722646706_n.jpg
623369202_1432346228258828_496080765221983603_n.jpg
623369618_1432346211592163_7468392471983127644_n.jpg
623678643_1432345914925526_3241234619426982935_n.jpg
623868385_1432346264925491_6530410393243119727_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Баткен облусуна тартылган чет өлкөлүк инвестициянын жалпы көлөмү 63 млн 135 миң долларга жетти. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын ичинен тикелей чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 40 млн 97 миң долларды түздү.

Бул көрсөткүчтөр чек ара маселесинин чечилишинин аркасында облус инвесторлор үчүн ишенимдүү жана келечектүү аймак болуп бара жатканын көрсөтөт.

Жыл ичинде облустун аймагында төмөнкүдөй ири инвестициялык долбоорлор ишке ашты:

Снимок экрана 2026-01-28 155436

Ошондой эле 2025-жылы Баткен облусу Фергана жана Согдий облустары менен кызматташтыгын бекемдеди. Ал эми Монголиянын Дунговь провинциясы менен жүндү кайра иштетүү жана кашемир эчкилерин алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Экономикалык жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү менен катар, аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө да көңүл бурулуп жатат. 2025-жылы Баткен облусуна келген чет элдик жана жергиликтүү туристтердин жалпы саны 31 миң 697 адамды түздү. Анын ичинен 2 миң 586 адам чет өлкөдөн, ал эми 29 миң 111 адам ички туристтер болуп саналат.

Белгилей кетсек, бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Кытайдан келген инвесторлор менен жолукту. Тараптар Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү бир катар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.